Пара берип жатып кармалган эки аткаминер 8-апрелге чейин камакка алынды

2511

10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган 2 аткаминер 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. 3 күн мурда, 7-февралда транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.

Маалыматка ылайык, алгач министрдин орун басары Женишбек Ногойбаев колго түшүрүлгөн. Ал УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип, бул акча мекеменин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин токтотуу максатында берилген. Бирок ошол эле күнү агенттиктин башчысы Анарбек Бекмуратовдун пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.