Пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү кыскартылды

556

50 миң доллар пара менен кармалган Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевге түрмө жазасы кыскартылды. Бишкек шаардык соту аны 12 жыл эркинен ажыратты. Буга чейинки инстанция мурдагы аткаминерди 14 жылга кескен.

Дагы эки айыпталуучу Болот Токтобаев жана Бехруз Гулрузовго карата жаза өзгөртүлгөн жок. Алардын бирөө акча алууга ортомчулук кылган болсо, экинчиси пара берген компаниянын кызматкери экени белгилүү.

Эске салсак, Азимкан Жусубалиев былтыр 5-декабрда Италиялык компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сураган.

Ал Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы трассанын 70 чакырымын куруу боюнча тендерде Италиялык компаниянын кызыкчылыгын коргомокчу болгон. Эң кызыгы кийин Азимкан Жусубалиев Транспорт жана жолдор министрлигинде коррупцияга каршы күрөштүн башында турганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.