Пара менен кармалган башкы прокуратура кызматкери ооруканага түштү

1488

200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кечээ кечинде колго түшүрүлгөн Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кан басымы көтөрүлүп кетип, ооруканага түшкөнү маалым болду.

УКМКдан билдиришкендей, буга кармоо учурунда шектүү өзүн аябай жаман сезгени себеп болгон. Кечээ кечинде аталган башкармалыктын жетекчиси өз кабинетинде ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалганы тууралуу маалымат тараган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жетекчи бир жарандан 500 миң доллар же 34 миллион сом талап кылган.

Азырынча кармалган жетекчи кайсы иш боюнча жардам берүүнү убадалаганы белгисиз. Учурда тергөө жүрүп жатат.