Пара менен кармалган прокуратура кызматкери «инсульт» диагнозу менен ооруканада

850

200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн прокуратура кызматкери «инсульт» диагнозу менен ооруканада жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат булактары жазып чыгышты.

Эске салсак, 2 күн мурда ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордо ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев, кармоо учурунда кан басымы көтөрүлүп кетип ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Азырынча прокурор кимден жана кайсы иш боюнча жардам берүүнү убадалап мынча акчаны алып жатканы ачыктала элек. Айрым маалыматтар боюнча, Улан Чалбаев жалпысынан 500 миң доллар талап кылган.