Паракорчулукка айыпталгандар абактан чыгып кетеби? (видео)

897

Парламент депутаттары абакта жаткандарга мунапыс берүүнү сунуштап жатышат. Мындай демилге Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына карата жана 1938-жылдагы репрессия курмандыктарынын элесине урмат катары сунушталып жатыптыр. Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө түзөтүү колонияларында 11 160 адам бар. Алардын ичинен бул жарыяланган мунапыска 4 миңден ашууну туш келип, ал эми 285и боштондукка чыгышы күтүлүүдө. Мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандарга мунапыс берилбейт. Мындай кылмыштардын катарында — «Коррупция» жана «Бийликти күч менен тартып алуу аракети» деген беренелери жок экен. Андыктан айрым эксперттер бул жолку амнистияга аталган беренелер менен соттолгон айрым саясатчылар да кирип калышы ыктымал дешүүдө.