Паракорчулукка каршы күрөшүүдө жыйынтыктар барбы? (видео)

709

Коррупциянын кесепетинен жыл сайын дүйнөлүк экономика эки жарым триллион доллардан ашуун чыгымга учурайт. Мындай маалымат Бишкекте Эл аралык паракорчулукка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган жыйында жарыяланды. Ал эми Кыргызстанда өлкө экономикасынын 35 пайызы көмүскөдө делгени менен, адистер коррупциянын кесепетинен мамлекет канча кирешесинен кол жууп жатканын так айта алышпайт. 2011-жылдан тарта Кыргызстанда системалуу коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп келет. Бүгүн анын жыйынтыктары кандай?