Паралимпиадалык оюндарга жолдомо уткан спортчуга жардам керек (видео)

3905

Токио шаарында өтүүчү паралимпиадалык оюндарга жолдомо утуп келген ядро ыргытуу боюнча спорт чебери, тубаса церебралдык шал оорусунан жабыркаган Арстанбек Базаркуловдун үйү урап калуу коркунучунда.

Бишкек шаарынын Алтын-Казык конушунда жайгашкан тамдын эскилиги жеткен. Ушундан улам жарандык активисттер эки балалуу жубайларга жаңы ак өргө тургузуп берүүнү көздөшүүдө. Учурда кайрымдуу адамдардан акча жана курулуш материалдары топтолуп жатат.