Парашют менен түшкөн министрлердин азабы өттү (видео)

698

Өкмөттө кокустан келип калган кадрлар болбошу керек. Эл өкүлдөрү буга байланыштуу мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга коюшту. Ага ылайык, тармактык билими жоктор, жүрүмү-туруму шек жараткандар министр жана алардын орун басарлары болуп иштей алышпайт.

Ошондой эле, соттолгону бар жарандарга да, саясий кызмат орундарын ээлөөгө жол берилбейт. Бул демилгени бир катар серепчилер колдошууда. Бирок эң кызыгы бул документте Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндө сөз жок.