Парктар үчүн берилген акчалар кайда кетип жатат? (видео)

1990

Оңдоп-түзөлдү делгенден көп өтпөй эле инфраструктуралары талкаланып, кейип кете баштаган сейил бактары. Жарандык активисттер буга чейин борбор калаадагы эс алуу жайларын реконструкциялоого деп бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланылган деп билдиришүүдө.

Мисалы, оңдоп түзөө иштерине 30 миллион сом каражат жумшалган “Жаштар” сейил багында учурда таман таштары четинен сынып, жарыктандыруучу чырактары толук коюлган эмес. Ушундай эле көрүнүш “Фучик” сейил багында да орун алган. Анда каражатты максатсыз пайдалануу боюнча кылмыш иши ачылып, бирок ал аягына чыкпай келет.