Парламент 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды

713

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды.

Жыйынга Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышты.

2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151 млрд. 762,4 миллион сомду түзүп, анын чыгашасы 161 млрд. 913 миллион сомго барабар болду. Парламент 2017-2018-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетун угуп, аны бир катар сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп тапты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.