Парламент билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады (видео)

618

Бир катар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын бюджеттерин кылдат текшерип чыгуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айрым депутаттар айтып чыгышты. Учурда кээ бир университеттердин бюджети чакан шаарлардын чыгымдарынан дагы жогору дешет эл өкүлдөрү. Бирок ошол эле учурда, ал билим берүү мекемелеринин имараттары эски, студенттер үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Алардын акчасы кайда жумшалып жатканы белгисиз.

Мындан тышкары, Мамлекеттик миграция кызматын министрлик кылып өзгөртүү сунушу дагы айтылды. Жылына Кыргызстанга 2 миллиард доллардан ашуун каражат которуп жаткан эмгек мигранттарынын ар кыл маселелерин чечүүдө мындай статусу жогору мекеме зарыл, дешет депутаттар.