Парламент чек арадагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын угат (видео)

503

Өкмөттүн өтүнүчү менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу министрлер кабинетинин маалыматын Жогорку Кеңеш угат. Буга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн аягына чыга электиги себеп болду. Тактап айтканда, өкмөттүн бир катар жооптуу аткаминерлери учурда Баткенде жүрүшөт. Бир катар депутаттар өкмөттүн өтүнүчүн колдошуп, маалыматты угууну 19-сентябрга жылдырышты.

Чек арадагы абал тууралуу маалыматты Жогорку Кеңеш кечээ укмак. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү министрликтердин жетекчилери чакырылган болчу. Эске сала кетсек, 5 депутаттан турган топ да, Баткендин Максат айылына барып, жергиликтүүлөр менен жолугуп келишкен.