Парламент: депутаттар колдосо, паранын көлөмү көбөймөк (видео)

959

Салмак-көзөмөл пункттарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоймоюнча автожолдор оңолбойт. Парламентте чет өлкөдөн унаасына ашыкча жүк салып алып кирүү үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүү боюнча документ талкууланды. Мыйзам долбоору үчүнчү окууга келип калганына карабастан, ал боюнча кызуу талаш-тартыш жүрдү. Айрым эл өкүлдөрүнүн айтымында, айыптын өлчөмүн көбөйтүү менен сол чөнтөккө кетүүчү паранын суммасын арбытып алуу коркунучу бар. Анын ордуна Салмак-көзөмөл пункттарындагы адамдын кийлигишүүсү жок иштей турган, автоматташтырылган системаны киргизүүнү эртелетүү зарыл, дешет депутаттар.