Парламент экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу сунушту колдоду

799

Парламенттин Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоо маселесине байланыштуу токтомуна экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу сунуш да кирди.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин “Экс- президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушун токтомго кошууга 87 депутат макул деп, 14ү каршы добуш беришти.

Жогорку Кеңеш үч күндөн бери Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, токтом кабыл алды.

Масалиев «»Кыргызстандын экс-президенти» деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек» деген пикирин буга чейин эки жолу билдирген.

10-майда парламентте сүйлөп жатып ал ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, андан кол тийбестик макамын алууну сунуш кылган болчу.

Жыйында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин айткан.