Парламент Казакстандын 100 млн долларынан баш тартуу сунушун колдоду

747

Ага каттоодон өткөн 106 депутаттын 105и «макул», бирөө «каршы» добуш берди. Казакстандын 100 миллион долларлык каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгарууну өкмөт сунуштаган, мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүргөн.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон.

Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн эле. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт бюджеттеги каражатка лабораторияларды бүткөргөнүн маалымдаган.