Парламент комитети Казакстандын 100 млн долларынан баш тартууну колдоду

772

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстан убада кылган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн сунушун карап, аны колдоду.

Эске салсак, эки тараптуу келишимге былтыр жыл аягында Санкт-Петербургда өткөн Евразия экономикалык биримдигинин жогорку кеңешинин отурумунда кол коюлган. Ал бир нече траншка бөлүнүп, биринчиси 41 миллион долларды түзмөк.

Бул сумма Кыргызстанга бажы, транспорттук инфраструктура, маалыматтык байланыш, өрт коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, санитардык, ветеринардык-эпидемиологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жумшалмак.

Өкмөт мындай 100 миллиондук гранттан баш тартуунун себебин — бул акчага муктаждык жок экени менен түшүндүрүүдө. Документ өткөн аптада Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн, эми ал парламенттин жалпы жыйынында каралат.