Парламент Конституция боюнча жаңы долбоорду колдойбу? (видео)

1396

Баш мыйзам боюнча жаңы долбоордун акыркы варианты даяр. Мунун үстүнөн 2 айдан ашуун убакыттан бери иштеген Конституциялык кеңешме пленардык жыйынга чогулуп, документти талкуулайт. Эгерде долбоор боюнча эч кандай талаш-тартыш маселе жаралбаса, ал парламентке жөнөтүлөт.

Ал эми кийинки жумада бул маселени Жогорку Кеңеш карай башташы мүмкүн. Депутаттар аны жактырып берсе, документ жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. Ал арада айрым депутаттар референдум дайындоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташууда.