Парламент өкмөткө ишенбестик жарыялайбы? (видео)

817

Парламенттеги оппозициялык азчылык өкмөттүн кетүүсүн талап кылат. Анткени Сапар Исаков баштаган министрлер кабинети ишенимди актаган жок, дешет депутаттар. Кийинки жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчету каралат. Ал эми бул маселени кечээ оппозициялык азчылык талкуулап, канааттандырарлык эмес деп тапты. Ошондой эле, учурда парламентте өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча кол чогултууну баштоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда. Мыйзамга ылайык, мындай демилгени 40 депутат көтөрүп чыгууга укуктуу. Ал эми акыркы чечим 61 же андан көп добуш менен кабыл алынат. Эл өкүлдөрүнүн жарымы өкмөткө «2» деген баа койгондон кийинки кадам кандай болот?