Парламент шайлоо босогосун азайтууга шашылган жок (видео)

2667

Шайлоо босогосун 5 пайызга чейин түшүрүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна качан чыгарылат белгисиз. Парламенттин тармактык комитетинин төрагасы бул боюнча БШК менен өкмөттүн пикирин сураган. Боршайком пайыздык чекти 5 пайызга түшүрүүгө каршылыгын билдирген эмес.

Ал эми өкмөт мыйзам долбоору менен жакшылап таанышып чыгуу үчүн дагы 1 ай убакыт берүүнү суранган. Бирок аталган документтин авторлору муну создуктуруу аракети деп баалап жатышат. Алдыда Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорлорун да карашы керек.