Парламент Улуттук банк төрагалыгына Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды

753

Жогорку Кеңеш Улуттук банк төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды. Буга 86 депутат «макул» деген добушун берди. Эске салсак, вице-премьерлик кызматты аркалып турган Толкунбек Абдыгуловду кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына дайындоо боюнча сунуш 2 күн мурда парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитинде каралган болчу.

Бүгүн болсо, көпчүлүк депутаттар бир эле адамды эки айдын ичинде биринчи-вице-премьер, вице-премьер жана кайра Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жатканын айтышып, өкмөттүн кадр саясатын сынга алышты. Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты жетектеген. Кийин биринчи вице-премьер болуп, 17-ноябрдан тартып вице-премьер-министр болуп иштей баштаган.

Улуттук банкты жетектеп турган Кубанычбек Кулматов быйыл 11-декабрда Бажы кызматына башчы болуп кеткенден бери Башкы финансы мекемесинин жетекчилик кызматы бош турган.