Парламент жаңы өкмөттү дагы отставкага кетиреби? (видео)

793

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы тармактагы көйгөйдөн алаксытуу үчүн түзүлгөн мекеме. Бул түзүмгө ишин билбеген жетекчилер тартылган. Бул тууралуу парламентте отчет берип жатып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Эми сентябрь айында өкмөттүн түзүмү өзгөртүүлөргө дуушар болуп, Энергетика министрлиги кайрадан түзүлүшү мүмкүн экен. Ошондой эле, Башкы штаб жана коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жоюлуп, кайрадан Коргоо министрлиги дагы түзүлүшү ыктымал. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев былтыркы жылдын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып, жетишкендиктер менен катар кемчиликтерди дагы белгилеп өттү. Анын айтымында, сапаттуу жолдорду куруу, аткезчилик менен күрөшүү, инвестиция тартуу жаатында мурдагы өкмөт башчы алгылыктуу иштерди жасаган эмес.