Парламентке атаандаш катары жаңы орган пайда болушу мүмкүн (видео)

538

Жакын арада парламентке атаандаш катары жаңы орган пайда болушу мүмкүн. Элдик курултайларды түзүү боюнча жумушчу топ апта ичинде кезектеги жыйынын өткөрүп, «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Курултай өткөрүү кыргыздардын тарыхый салты, анын үстүнө конституцияда да жазылып калган деген жүйөө келтирилүүдө. Мыйзам-долбооруна ылайык, айылдарда, райондордо, областтарда жана республикалык болуп өз-өзүнчө курултай институттары түзүлөт. Ага делегаттарды жергиликтүү тургундар кол көтөрүп эле шайлап коюшат экен. Ал эми курултайлардын чечимдери сунуш берүү мүнөзүнө ээ болот делгени менен, мамлекеттик органдарга ишке ашыруу милдеттендирилиши да мүмкүн дегендер бар.

Жогоруда аталган жагдайлар «Курултайлар» тууралуу мыйзамдын айрым гана жерлери. Анда көп калпыстыктар бар дегендер четтен чыгууда. Мыйзам долбоорунун автору Каныбек Иманалиев өзү деле документ азырынча чийки экенин, дагы алымча-кошумчалар болоорун айтты. Ушул жумушчу топко эксперт катары чакырылып кеп-кеңешин берип жаткан юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев элдик курултай институтунун зарылчылыгы, ага берилүүчү укуктар жана бул органдын опурталдуу жактары тууралуу айтып берди.