Парламентке колунда акчасы барлар гана келиши керекпи? (видео)

7030

Чөнтөгүндө канча каражаты бар адам депутат боло алат? Коомчулукта дал ушул суроо кызуу талкууда. Буга эл өкүлү Кожобек Рыспаевдин айткан сөзү себеп болду. Депутат ачык эле «Жогорку Кеңешке курсагы ток, колунда акчасы барлар келиши керек» деди.

Парламентарий кезектеги билдирүүсү менен сынга кабылды. Бирок эл өкүлү курсагы ток, бутка тургандарга кимдерди кошоорун айткан жок. Бир четинен алганда Кожобек Рыспаев акчасы барлар гана депутаттык мандат алаарын бышыктады. Мындай көрүнүштүн өзү опурталдуу экенин түшүнбөсө керек.