Парламентте 600 долларлык кычкач-шоу (видео)

1157

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган ири насыянын чыгымдалышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо кийинки шаршембиде улана турган болу. Бүгүн парламенттик комиссиянын тыянагы Жогорку Кеңеште кызуу талкууланды. Бирок суроого жана талкууга жазылган депутаттардын саны абдан көп болгондуктан пикир айтуу аягына чыкпай калды. Бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө бир даанасы 600 долларга бааланган кычкачтар да көрсөтүлдү. Бирок Бишкек ТЭЦинин мурдагы жетекчиси бул жабдыктар ашыкча чыгымды жашыруу үчүн кийин сатылып алынганын айтып чыкты. Ал арада жалган маалымат берген жетекчилерди тартип сакчылары залдан кармап кетүүсү керек деген сунуштар да тушту. Белгилей кетсек, депутаттык комиссия укуктук баа берсин, деп көрсөткөн жетекчилердин саны 30дан ашты.