Парламентте Бахадыр Сулейманов кош жарандуулукка айыпталды

755

Парламентте акыйкатчылыкка талапкерлерди тандоо учурунда талапкер Токтон Мамытов менен “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Эл өкүлү суроо берип жатып, Мамытов журналисттерге Сулейманов чет элдик тыңчы жана башка өлкөнүн жараны деп айтканын билдирди. “Эгер сизде ушундай факт болсо, эмне үчүн документтерди көрсөтпөйсүз?”- деди депутат.

“Сизди агент деп мен айткан эмесмин, бул теманы сиз көтөрүп жатасыз. Сиздин башка өлкө жараны экениңиз тууралуу материалдар болсо менде бар. Алар эки ай мурун БШКга берилген. Бир нече күн мурун бул документтердин баары –кайсылар экенин сиз билесиз, Казакстан ИИМинин, Жарандык иштер боюнча комиссия катчылыгынын жообу – бул материалдардын баары чогултулуп, Башкы прокуратурага жана ИИМге берилди”, — деп жооп берди Мамытов.

Депутат СССР жараны болгонун, союз ыдырагандан кийин Кыргызстанда жашап, жарандык алганын белгиледи.

Буга чейин атекезчилик айыбы менен Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун дагы кош жарандуу экенин белгилүү болгон. Казак паспорту бар экени аныкталгандан кийин БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Асылбек уулу азыркыга чейин Алматыда абакта отурат.