Парламентте чек ара боюнча талкуу жабык өттү (видео)

870

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара маселелерин чечүү үчүн өлкөдө өз алдынча мамлекеттик мекеме түзүлүшү мүмкүн. Учурда иш алып барып жаткан өкмөттүк комиссияга «комитет» же «агенттик» деген атайын макам берүү сунушталууда. Ошондой эле, Мамлекеттик чек ара кызматын Баткен областына көчүрүү демилгеси көтөрүлдү.

Парламент премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин чек арадагы кырдаал боюнча маалыматын укту. Отурум жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Бирок эл өкүлдөрү жыйында айтылган айрым маалыматтардын четин чыгарышты.