Парламентте “Датка Кемин” боюнча маалымат берилиши керек (видео)

1005

Эсептөө палатасы “Датка Кемин” энергетикалык долбоору боюнча парламентке маалымат берүүсү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда сөз болду. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, айрым булактарда бул энергетикалык обьекттин наркы, чыныгы чыгымдардан 100 миллион долларга көп көрсөтүлүп калган, деген маалыматтар тараган.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиялары тарабынан кабыл алынган бир катар токтомдор аткарылбай жатканы да белгиленди. Өзгөчө бешинчи чакырылышта бир топ чуулгандуу иштер каралып, токтомдор кабыл алынган. Бирок ушул күнгө чейин ал чечимдер боюнча жыйынтык жок, дешет парламентарийлер.