Парламентте депуттар ТЭЦке байланыштуу уруша кетишти (видео)

1157

Жогорку Кеңештин 3 отурумунан бери талкууланып жаткан Бишкек жылуулук электр борбору боюнча маселеге чекит коюлуп, токтом кабыл алынды. Ага 103 депутат макулдугун билдирип, 1 депутат каршы чыкты. Документке жазуу жана оозеки түрүндө түшкөн бир нече сунуштар камтылды. Комиссиянын маалыматы андан ары дыкат иликтөө үчүн тиешелүү күч органдарына жана Эсептөө палатасына да жөнөтүлө турган болду. Алар 3 ай аралыгында Жогорку Кеңешке маалымат берүүлөрү зарыл. Ал эми Башкы прокуранын өкүлдөрү Бишкек жылуулук электр борбору боюнча козголгон кылмыш иштери объективдүү жана ар тараптуу тергелип жатканын билдиришти. Ошондой эле, ТЭЦ боюнча материалдарга Жогорку Кеңештин отурумунун стенограммасы да тиркеле турган болду. Учурда Бишкек ТЭЦине байланыштуу 4 кылмыш иши козголуп, шектүү катары 7 адам кармалган.