Парламентте комитет төрагалыктары талашка түштү (видео)

969

Жогорку Кеңеште кайрадан комитеттердин төрагалыктарын бөлүштүрүү башталды. Буга көпчүлүктүн коалициясынын курамы кеңейип, «Республика-Ата Журт» фракциясынын альянска киргени себеп болду. Аталган фракция оппозициялык азчылыктын квотасында болуп келген 2 комитеттин төрагалыгын бошотту. Ал орундарга «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары 4 талапкер көрсөттү. Бирок саясий альянска кирген «Республика-Ата Журт» фракциясына кайсы комитет тиери белгисиз болууда.