Парламентте соттордун ыйгарым укуктары талкууланды (видео)

1046

Соттук процесстерде «жаңы жагдай» менен «жаңы ачылган жагдай» түшүнүктөрүнүн кандай айрымасы бар? Бул суроо Жогорку Кеңештин тармактык комитеттин отурумунда кызуу талкууланды. Адистердин айтымында, буга чейин соттук иштерде «жаңы жагдай» деген түшүнүк болгон эмес. Айрым депутаттар бул саясий өңүттө иштей турган норма болуп калбайбы деген суроо салышты. Мындан тышкары, парламенттик комитеттин отурумунда конституциялык палата чыгарган чечимдерди өкмөт толугу менен аткарбай жатканы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү. Буга Конституциялык палатанын төрагасы катуу нааразы экенин жашырган жок.