Парламентте юстиция министринин жоопкерчилигин кароо талабы коюлду

635

Жогорку Кеңештин депутаттары юстиция министри Уран Ахметов менен анын орун басары Равшан Абдуллаевдин жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, өкмөттөгү юридикалык экспертизаларды жүргүзгөн негизги министрлик мыйзамдарга шалаакы мамиле жасап жатат.

Бүгүн парламентте «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкуулана баштаган. Бирок баяндама жасай турган юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев депутаттардын суроолоруна жооп бере албай кыйналды.

Буга ачууланган эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун күн тартибинен алып, документти кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүштү. Ал эми министр менен орун басарынын жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөт башчыга сунуш бермей болушту.