Парламенттеги оппозициялык азчылык өкмөттүн отчётун укту (видео)

1286

Сапар Исаков баштаган өкмөттүн аткарган иштерине караганда жетишпегендиги көп. Мындай баа парламенттеги оппозициялык азчылыктын отурумунда берилди. «Республика — Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциялары кошмо жыйын өткөрүп, өкмөттүн 2017-жылдагы иши тууралуу отчет алышты. Анда премьер-министрге узатылган суроолордун көбү ишке ашпай калган долбоорлор, тагыраагы Лигласс, Хуавей компанияларына байланыштуу болду. Ошондой эле, өкмөт башчы Кумтөр боюнча келишимге парламенттин макулдугу жок кол койгону катуу сынга алынды.