Парламенттик шайлоо жакындап, партиялар көбөйүүдө (видео)

6254

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын партия түзгөндөрдүн катары көбөйүүдө. 10 күн ичинде эле Юстиция министрлигинен бир саясий бирикме каттоодон өткөн. Дагы алтоонун документи адистер тарабынан каралууда. Учурда Кыргызстанда партиялардын саны 300гө чукулдаган.

Бирок мындан ары түзүлгөн партиялар быйылкы парламенттик шайлоого катыша алышпайт. Анткени мыйзам боюнча саясий өнөктүктүн датасы жарыяланганга чейин алты ай калганда түзүлгөн партиялар гана шайлоого барууга укуктуу.