Парламенттик шайлоого даярдыктар башталды (видео)

585

2020-жылы парламенттик шайлоодо партияларга гана эмес, ар бир талапкерге да добуш берүү керек. Жогорку Кеңеште ушундай өңүттөгү 2 мыйзам долбоору иштелип чыкты. Биринчи тизмени аймактан чыккан өкүлдөр түзүшү керек деп көрсөтүлсө, экинчи документте ар бир талапкер Бирдиктүү республикалык округдан аттанары белгиленген.

Учурда бул эки документ тең коомдук талкууга коюлду. Ар бир талапкерге добуш берилгенде гана шайлоочулар кимди тандап жатканын так билишет, дейт демилгечилер. Анткени партиялык тизмедеги орундар сатылып, анын кесепетинен кылмыштуу топтордун мүчөлөрү дагы маңдатка ээ болгону айтылып жүрөт.