Парламенттик шайлоого кимдер аттанды? (видео)

3001

120 депутаттык орун үчүн 15 партиядан 2 миңге жакын талапкер ат салышууда. Кандидаттардын басымдуу бөлүгүн ишкерлер, азыркы депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер түзүшөт.

Ошондой эле тизмелерден студенттерди, үй кожойкесин, шоу-бизнес өкүлдөрүн да кездештирүүгө болот. Мугалим, дарыгерлер деле тизмеге алынган. Бирок орто же арткы саптарда.