Парламенттин 7-чакырылышына кимдер келет? (видео)

1518

Алдын-ала эсептөөлөр менен кимдер депутат болуп келиши мүмкүн деген суроо да көпчүлүктү кызыктырууда. Автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматына ылайык, алдын-ала тиешелүү босогодон өттү делген жана бир мандаттуу тилкелерден озуп чыккандардын арасында учурдагы алтынчы чакырылыштын 20 депутаты бар экен.

Башкача айтканда, жетинчи чакырылыштын ар бир бешинчи депутаты учурдагы эл өкүлдөрү болушу мүмкүн. Ошол эле убакта бир мандаттуулардын арасынан бир да аялзатынын жеңишке жетпей калганын байкоого болот. Ал эми партиялык система менен келе турган талапкерлердин ар бир үчүнчүсү айым-депутат болушу зарыл.