Парламенттин азыркы курамы кайсы убадаларын аткарган жок? (видео)

3083

Бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгондордун саны 150гө чукулдады. Алардын ичинен 2 кандидат партия тарабынан сунушталса, калгандары өзүн-өзү көрсөткөндөр. Талапкерлердин арасында 6 аял бар. Борбордук шайлоо комиссиясына билдирме тапшыруунун аяктарына дагы 5 күн бар. 13-октябрга чейин арыздар кабыл алына берет.

Ал эми 3 жумадан кийин өлкө боюнча үгүт иштери башталат. Бир ай бою партиялар жана кандидаттар шайлоочулар менен жолугушуп, программаларын сунушташат. Бул жолу депутат болом дегендер кайрадан эле куру убадалары менен элди азгырабы же реалдуу сунуштарын айтышабы?