Парламенттин бир жылдык ишине берилген баа (видео)

3029

Жогорку Кеңештин депутаттары дагы жыл жыйынтыгын чыгарышты. Журналисттерди чакырып маалымат берип эмес, парламенттин залында өз ара чогулуп дасторкон үстүндө чайлашышты. Эл өкүлдөрүнүн өзүнө суроо салып көрсөк, бул жылы өтө маанилүү чечимдерди кабыл алышканын айтышты.

Өтүп бараткан жылда башка депутаттарга караганда төрагага ачуу сындар көп болду. Айрыкча анын сүйлөгөнү талкууларга жем таштап жатты. Ал эми парламент тарабынан кабыл алынган чечимдерге токтолсок, тарыхый чечимдердин бири Алмазбек Атамбаевди президенттик кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени болду.

Андан сырткары, уран кенин иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Ал эми аңчылыкка мораторий киргизүү демилгесин четке кагып коюшту.