Партиялар 300 миллионго чейин акча чача алышат (видео)

2977

Өлкөдө парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталды. Түндө саат 12де Боршайком расмий каттоону аягына чыгарып, анда 321 талапкер бир мандаттуу шайлоо округунан катышса, партиялык тизме менен 21 саясий бирикме ат салыша турган болду. Бул сапар шайлоо аралаш система менен өтүп жаткандыктан шарттар бир топ өзгөрүп, талаптар катуулаган.

Мисалы, үгүтчүлөрдү мурдагыдай эсеп-кысабы жок жалдай берүүгө уруксат берилбейт. Ошондой эле, ар кандай бузуулар үчүн талапкер менен кошо партиялар да өнөктүктөн четтетилет. Ал арада үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзам бузууларды кабарлай турган атайын платформа ишке киргени маалым болду.