Партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштады (видео)

1820

Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга уруксат алган партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштады. Бул тизмеге кирген саясий бирикмелердин саны 15ти түздү.

Ошентип, “Мекен ынтымагы”, “Мекенчил”, “Ыйман Нуру”, “Чоң Казат”, “Реформа”, “Республика”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан”, «Афган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», “Бир Бол”, “Замандаш”, “Ата-Мекен” партиялары ат салышмай болушту.

Үгүт иштери башталган алгачкы түндө эле Бишкек шаарынын көчөлөрү партиялардын жарнак такталарына толду.