Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

886

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициялык депутат Никол Пашинян 23-апрель кечинде Еревандын Республика аянтындагы митингде сүйлөп, жаңы премьер-министр «бир жуманын ичинде» шайланышы керектигин билдирди.

Ал «Армениядагы бийликти тынчтык жол менен алмаштыруу» программасындагы биринчи талап аткарылып, Серж Саргсян отставкага кеткенин белгиледи. Эми экинчи талапка ылайык, Улуттук жыйын бир апта ичинде элдин өкүлүн премьер-министр кылып шайлап, убактылуу өкмөт түзүлүшү керек.

Пашинян ошондой эле «болушунча кыска мөөнөттүн ичинде» өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, 25-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян менен «Армениядагы бийликти тынч өткөрүп берүү боюнча» сүйлөшүүлөр уланат.

Серж Саргсян оппозициянын нааразылык акцияларынан кийин 23-апрель кечинде отставкага кетти. Анын премьер-министр болуп шайланышына каршы митингдер апрелдин ортосунан бери өтүп келген. Пашинян тарабынан жарыяланган жарандык баш ийбөө өнөктүгүнүн алкагында демонстранттар күн сайын Ереванда митингдерди уюштуруп, жолдорду бууп турушту. Дүйшөмбүдө кезектеги жүрүш маалында акция катышуучуларынын катарына ондогон аскер кызматкерлери дагы кошулуп, «эл менен бирге» экендиктерин билдиришкен.

Серж Саргсян 2008-жылдан 2018-жылга чейин Армениянын президенти болгон. Акыркы мөөнөтүндө ал конституциялык реформа жасап, өлкө премьер-министринин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейткен. Президенттик мөөнөтүнүн аяктагандыгына карабастан Саргсян 17-апрелде өкмөт башчылыкка шайланган.