Пашинян элди бийликке баш ийбөөчүлүк акциясына чакырды

690

Армян оппозициясынын лидери Никол Пашинян кечээ өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин тарапташтарын жолдорду жаап, Ереван аэропортун бөгөттөөгө чакырды.

1-майда Армениянын парламенти премьер-министрликке оппозиция лидери Никол Пашиняндын шайланышына каршы добуш берген. Анын талапкерлигин 45 депутат колдоп, 55и каршы болду.

Пашинян ошол эле күнү кечинде Еревандын борбордук аянтындагы тарапташтарына келип, өлкө жарандарын 2-майдан тарта бийликке жапырт баш ийбөөчүлүк акциясын баштоого чакырды.

«Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба бекеттерди, мамлекеттер жана аймактар аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди бөгөттөө башталышы керек», — деди ал.

Армениянын мыйзамдарына ылайык, эгер премьер-министр парламенттин биринчи атайын жыйынында шайланбаса, анда жети күндөн кийин кайрадан жаңы шайлоо болот. Премьер экинчи жолкусундагы да шайланбаган учурда парламент таркашы керек.