Пашинян тарапташтарын каршылык акцияларын убактылуу токтотууга чакырды

794

Армения премьер-министрлигине талапкер Никол Пашинян тарапташтарын каршылык акцияларын убактылуу токтотууга үндөдү. Буга башкаруучу Республикалык партиянын 8-майдагы шайлоодо депутаттар «элден чыккан талапкерди колдойт» деген билдирүүсү себеп болгон.

Еревандагы митингде сөз сүйлөп жатып Пашинян бейшембиде Улуттук Кеңеште талапкерлигин жылдыруу маселеси талкууланарын айтты. Буга байланыштуу ал көчөлөрдү ачууну сурады. Ошол эле маалда оппозиционер тарапташтарын шайлоо күнү кайрадан Республика аянтына чогулууга чакырды.

1-майда парламентте оппозициянын лидери Пашиняндын талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып, өтпөй калды. Андан соң Пашинян элди массалык иш таштоого чакырган.

Ереванда жолдор, метронун жана өкмөттүк мекемелердин кире бериштери тосмолонуп турат. Жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду. Коопсуздук күчтөрү «Звартноц» аэропортуна тартылды. Пашинян өз жактоочуларын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырган.

Шаршембиде парламенттеги Республикалык фракциянын лидери Вахрам Багдасарян 8-майдагы шайлоодо анын партиясы талапкер көрсөтпөй турганын билдирген. Алар мыйзам чыгаруучулардын кеминде үчтөн бири көрсөткөн талапкерди “ким болсо дагы” колдоорун кошумчалаган.