Паспорт чуусу: УКМК төрагасы отставкага кетти (видео)

629

Идрис Кадыркулов Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан кетти. Башкы чекист өз каалоосу менен арыз жазып, ага президент Сооронбай Жээнбеков дароо кол койду. Идрис Кадыркуловдун иштен кеткенине биометрикалык паспорттун бланкын даярдоо боюнча жарыяланган тендерге байланыштуу айрым жагымсыз жагдайлар ачыкталып кеткени себеп болду.

Каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова кескин билдирүү жасап, паспортко байланыштуу камоолор атайын кызматтын төрагасынын жеке кызыкчылыгынан улам болуп жатканын айтып чыккан. Мындан кийин эле, Идрис Кадыркуловдун отставкасын талап кылган билдирүүлөр башталган. Бирок УКМКнын жетекчиси көпкө күттүргөн жок.