Паспорт чуусуна байланыштуу жетекчилер камакка алынды (видео)

565

Паспорт чуусуна байланыштуу бир катар аткаминер камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Жетекчилердин аты-жөндөрү расмий ачыкталбаганы менен күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактар, кармалгандар Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, аталган мекеменин статс — катчысы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев экенин билдиришти.

Эске салсак, бир нече күн мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тиешелүү мекеменин айрым жооптуу жетекчилери «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбай, чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө баргандыгын аныктап чыккан. Анын кесепетинин мамлекеттин бюджетине 253 миллион сомдун тегерегинде зыян келтирилгени да маалым болгон.