Паспорт чуусундагы жаңы жагдай (видео)

646

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Талант Абдуллаевдин көрсөтмөсү деп тартылган видео УКМКнын жана кызыкдар тараптардын атайын жасаган иши. Бул тууралуу литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, тасма атайын кызматтын имаратында тартылган жана бул көрүнүш сотторго кысым жасоо үчүн болуп жатат. Ал эми УКМКнын өкүлдөрү бул видеого эч кандай тиешеси жок экенин билдиришти.