Паспорт чыры: Сот тендердик комиссиянын чечимин жараксыз деп тапты

903

Бишкектин райондор аралык соту жаңы үлгүдөгү паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендердик комиссиянын чечимин жараксыз деп тапты. Ага ылайык, Мамкаттоонун 1-февралдагы жана мекеме аралык комиссиянын 21-февралдагы чечимдери толугу менен четке кагылды.

Эске салсак, былтыр мамлекеттик каттоо кызматы тендер жарыялап, андан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок сынактын башка катышуучусу германиялык «Мульбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Көп өтпөй УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди тендерде «Гарсу Пасаулистин» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаевди камакка алган.

Кийинчерээк Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Дал ушул паспорт чырына байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов да отставкага кеткен болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.