Паспорт даярдоо боюнча тендер чыры (видео)

744

Биометрикалык чет элдик паспортторду даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылабы? 1-февралда сынакта 940 миллион сомго долбоорду ишке ашырууну сунуштаган латвиялык компания утуп алган. Бирок конкурска катышкан 5 компаниянын ичинен германиялык жана франциялык 2 ишкана тендер өткөрүүдө эреже бузууларга жол берилгенин айтып, муну иликтөөнү суранып президентке кайрылышты.

Учурда бул арыздарды Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы комиссия териштирип жатат. Айрым маалыматтар боюнча, германиялык ишкана электрондук жалпы жарандык паспортту даярдаса анын баасы 800 сомдун тегерегинде болмок экен. Ал эми тендерден уткан ишкана документти чыгарса, наркы 1000 сомго чейин жетери белгилүү болду.