Паспортто жынысты алмаштыргандар (видео)

788

Былтыр Кыргызстандын 12 жараны жынысын алмаштырган. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан беришти. Адистердин айтымында, жынысын алмаштыргандар паспорттогу пин-кодун өзгөртүп, жаңы документ жасатуу үчүн тиешелүү мекемеге кайрылышкан. Ал жакка жаран эми эркек эмес, аял экенин тастыктаган медициналык документ тапшырышы керек. Кыргызстанда жарандардын жыныстык органын алмаштыруу боюнча операциялар коммерциялык багытта жасалат. Дарыгерлердин айтымында, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү эркектен аялга айлангысы келгендер. Бирок мындай көрүнүш баардык динде чоң күнөө деп эсептелет.