Паспорттугу чип түшүп калды. ID-карттын сапатына ким жооп берет? (видео)

7560

Кыргызстанда жаран тууралуу бардык маалыматтар киргизилген паспорттогу электрондук чип түшүп калган алгачкы учур катталды. Бул өздүк документ Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубининага таандык. Эл өкүлү айди-картасы начар сапатта жасалып калганына нааразыланып, тиешелүү мекемелер бул маселеге жакшылап көңүл бурушу керек дейт.

Жакынкы арада ал паспортторду даярдоо менен алектенген “Инфоком” ишканасына арыз менен кайрылууга белсенүүдө. Эми ал жаңы документ алышы керек болот. Бирок бул жаатта да көйгөйлөр бар. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда жарандар кезек күтүп кезерип жатканын айтышууда.